Бишкекте майыптуулукту аныктоо үчүн пара алып жүргөн МСЭКтин жетекчиси жана дарыгери кармалды. ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутумундагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 медико-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында жарандардан майыптуулукту белгилөө жана мөөнөтүн узартуу маселелерин чечүү үчүн системалуу түрдө пара алып жүрүүгө шектелип, аталган комиссиянын төрайымы «Ч.Т.И.» жана дарыгер-эксперти «Т.Э.М.» кармалды.
КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болууга жана коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликтин кутула албастыгын эстен чыгарбоого чакырат.



