Коом

Казарманда 3000 аары челек пайда болот. Ал Макмалдын инвесторунун соцпакетинде белгиленген

Казармандын жашоочулары үчүн 3 миң аары челек даярдоого тендер жарыяланды. Тендер «Мансон Групп» ЖЧКсы биргелешкен ишканасынын  социалдык пакетин ишке ашыруунун алкагында өтүп жатат. Эске сала кетсек, аталган компания Макмал кенин кайра калыбына келтирүү үчүн жарыяланган тендерди утуп алган жана сынактын шарттары боюнча Казармандын калкы үчүн бир нече социалдык долбоорду ишке ашырышы керек болчу, алардын бири бал өндүрүшү болуп саналат.

Тендердин жеңүүчүсү аныкталгандан кийин алар 3 миң аары челек даярдашат. Жаңы аары уюктары 5 айыл өкмөтү боюнча бөлүштүрүлөт — 300дөй үй-бүлө “таттуу” өндүрүш менен алектене башташат.

Социалдык долбоордун алкагында касапкана куруу пландалган. Анда Тогуз-Торо районунун жашоочулары байлаган мал союлмакчы. План боюнча цех сентябрда бүтүшү керек эле, бирок пандемияга байланыштуу кечеңдеп жатат. 

«Пландарыбызда сентябрга чейин этти кайра иштетүүчү цехтин курулушун аяктоо бар болчу. Бирок, пандемиянын кесепетинен биз кармалып калдык. Мындан сырткары, бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Бул — долбоордун мамлекеттик түзүмдөрдө макулдашылуусу.  Биз азыр алардын макулдук күтүп жатабыз. Курулуш үчүн жер тилкеси»,- деп белгиледи «Макмал голд компани» ишканасынын директору Сю Лин.

Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү курулуш процессин тездетүү үчүн уруксат документтери менен камсыздоого көмөк көрсөтүүгө убада берди.

«Силерде кандай гана көйгөйлөр жаралбасын, мен аларды өзүм чечип берем жана өзгөчө көзөмөлүмө алам. Силер жумушчу орундарды түзгөн инвесторсуздар, салыктарды убагынла төлөп турасыздар. Ал эми биз бийлик өкүлдөрү, бул үчүн сиздерге шарт түзүп беришибиз керек»,- деп белгиледи Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов комбинатка барган учурда.

Учурда комбинатта беш жүзгө жакын адам эмгектенүүдө, бирок жакынкы келечекте өндүрүш кеңейтилип жумушка тартылган жергиликтүү тургундардын саны кыйла көбөйөт. Комбинат жок жерден кулачын жаюусу үчүн ага модернизация керек. Көрсө, бул жерде дээрлик 34 жылдан бери жабдыктарды алмаштыруу жүргөн эмес. Керектүү жабдыктарды инвестор Орусиядан жана Кытайдан буйрутма кылган, бирок пандемияга байланыштуу заманбап жабдыктар ызырынча чек арада кечигүүдө.

Компаниянын жетекчилеринин сөзүнө караганда, эң негизгиси калк менен тил табышуу, бирок кырдаалды өз кызыкчылыгын көздөгөн жаман ойлуулар татаалдаштырышууда. Алар комбинаттын бутуна турушуна тоскоолдуктарды жарата башташкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button