Окуялар

Караколдо токтоп турган унааны уурдай качкандар катуу кырсыкка кабылышты

Бүгүн түнү Каракол шаарында айдоочу жол четиндеги бакты сүзүп каза болгону маалымдалган. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. Маркум айдап бара жаткан «Ауди А6» унаасы уурдалып бара жатканын маалымдады.

Анда айтылгандай, кырсык тууралуу маалымат Каракол ШИИБине түнкү саат 03:00 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу баштапкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы И.Ф. жана 18 жаштагы Ш.М. Караколдогу СИЗО-23түн жанында турган «Ауди А6» унаасын уурдап качышканын такташкан. Алар Каракол шаарынын тургундары, унааны токтоп турган жеринен саат 02:30 чамасында айдап кетишкен. Уурдалган унаа менен алар Пристань айылын көздөй бет алышкан. Бирок Ф.И. жолдон рулду башкарууну жоготуп, жол четине чыгып, бакты сүзүп алган.

“Унаадагы 18 жаштагы адам учурда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жатат. Бул факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаанын ээси Жети-Өгүз районунун Ан-Остон айылынын 31 жаштагы тургуну Т.Т. экендиги белгилүү болду. Андан унаасынын уурдалганы боюнча арыз алынды”, – деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button