Коом

Айрым маалымат каражаттары менен фейк-аккаунттар дестабилизация орнотуу максатын ишке ашырып жатышат

Айрым маалыматтык агенттиктер мамлекет менен элди, же бир бийлик органы менен экинчи бийлик органын, же Өкмөттү парламентке, парламентти өкмөткө, же президентке каршы коюп, бири-бирин чабыштырууга аракет кылат окшойт деп шек бар эле.

Тилекке каршы мындай күмөн саноо бүгүн тарс этип, ачыкка чыгып калды. Белгилүү бир медиа маалымат агенттиги алгач «Глава курортологии: Власти лгут. У нас нету свободных мест для больных пневмонией» деген аталыштагы жаңылык жайгаштырып алып, анан кайра «Власти лгут» деген жерин алып салды. Эмне үчүн?

Себеби, эптеп эле бийликтин жасап жаткан иштеринен кемчилик таап, жыйынтыгында эч нерсе жасалбай жатат деп бийликти элге жаман көрсөтүүгө багытталган атайын бир иш жүргүзүп жатышат. Мындай максаттардагы иш-аракеттерди Кактустан башка дасайттарынан байкоого болот. Буларга кошулуп, соцтармактардагы фейк-аккаунттар кырдаалды жок жерден эле курчутуп, элди шыкактап атышат.

Соцтармактарда ооруканаларда койкалар жетишпей жатат деген фейк-маалыматтардын ызы-чуусу жаңы эле токтоору менен эми дары-дармектердин өтө кымбат баада сатылып жатканын чуулдатып, атайын дагы бир фейк-маалыматтардын толкунун кое беришти.

«Мындай темп менен кете берсек, жакында каза болгондорду көмүүгө жер калбайт» дегенге чейин тартынбай жазып ийишти. «Оозуна таш» ким жазса дагы ушуну. Кудай дегенди унутушту, ушундай акмактар. Ушинтип, кара ниет фейк-аккаунттар жем таштап коюп отуруп, эл кантип саясий маселеге аралашып калганын билбей калып жатышат.

Көрсө, бул фейк-аккаунттардын атайын уюштурган чабуулунун бир ыкмасы экен. Эмне эле фейк-акаунттарды ооздуктоо боюнча мыйзамга мынча жабышып, чырылдап каршы болуп калышты десе, ушундай курал кылуу үчүн пайдаланышат экен да буларың.

Батыштын акырынан жем жегендердин арам ою ушинтип, элди бийликке, бийликти элге, бир мекемени экинчисине карама-каршы коюп, дестабилизация орнотуу максатын ишке ашырып жатышат. Көзүбүздү чоң ачып, маалыматтарды иргеп пайдаланалы урматтуу эл-журт!

Акылбек Масылбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button