Коронавирустан Эмгек сиңирген дарыгер Жамал Тазабекова көз жумду

ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча
медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунда эмгектенген Жамал
Тазабекова каза болду. Бул
тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«30-июнь күнү Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина
кызматы оор жоготууга дуушар болду. 71 жаш курагында “Кыргыз Республикасынын
эмгек сиңирген дарыгери” наамынын ээси, ИИМдин медицина борборунун Ош шаары
жана Ош облусу боюнча медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун
ординатор-дарыгери Тазабекова Жамал Исмаиловна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Жамал Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун
Бөкөнбаев айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланы апасы. 1982-жылдын
27-апрелинен тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча
медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунда эмгектенип келген.
Ж.Тазабекова кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жуктурган.
22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Азыркы учурда маркум Ж.Тазабекованын сөөгүн санитардык эрежелерди сактоо менен
жерге берүү аземи уюштурулууда. Ош ОИИБдин өздүк курамы маркумдун жакындарына
тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат», — деп айтылат маалыматта



