Бурул Кушбекова: Жардам колун аябайлы, керектүү меджабдыктар алууга жардам берели

Кыргызстанга коронавирус илдети жайылып, ооруканалар жетишпей баштаганы коомчулукка кол сунган адамдардын катары бар. Алардин бири ишкерлер Бурул Кушбекова менен Расул Айдаровдор өздөрүнүн отелин оорукана катары пайдаланууга бере турганын кечээ коомчулукка айтышкан.
Бул ишкерлердин мындай жакшы иштерин коомчулук жылуу кабыл алышып, жакшы пикирлерин калтырышкан эле. Бүгүн Бурул Кушбекова Фейсбук баракчасына башка ишкерлерди, колунда бар бизнесмендерди ушундай кырдаалда коомчулукка пайдасы тийиш керектигин айтып, чакыруу жасады:
“Кутман күн, достор. Вирус менен күрөшүүгө отелди убактылуу берип турабыз деген билдирууго коптогон ой- пикирлер айтылды, баарыныздарга жакшы сөз, колдоо үчүн үй- бүлөмдүн, өзүмдүн атыман чоң ыраазычылык билдирип кетем. Жылуу сөзүңүздөр биз үчүн андан да чоң стимул берди. Азыр , ушул оор абалда жардам бербегенде качан анан? Өлкөдө колунда бар адамдар көп, бизнес чөйрөгө, депутат, чиновниктерге кайрылып кетет элем, келгиле колдон келип турган жардамды аянбайлы, биздикинен чоң отели бар кишилер карап турбагыла, Элге кол сунгула! Ишенип койгула миң эселеп кайтат, өзүмдүн жеке тажрыйбам менен айта алам, кайрымдуулук кылып, андан кийинки иштерин кантип бүтүп кеткенине өзүң да таң каласын!
Жардам колун аябайлы, керектуу меджабдыктар алынууга жардам берели, көп түкүрсө көл болоорун унутпасак! Сулуу, кооз, чеберчилик менен эле сүйлөп койбостон иш жүзүндө да көрсөтөлү! Урмат Насыкулов байланышка чыгып, мэрия жактан тел сурап жатканын айтып, анан мэриядан Балбак Тулобаев, вице-премьер Акрам Мадумаров байланышка чыгышты, алар менен маселени талкуулап , кандай кылсак болоорун сүйлөштүк.
Ар бир кайдыгер эмес жарандарды, Жеке ишкерлерди, мүмкүнчүлүгү барларды жардам берүүгө чакырып кетет элем.
Ал Эми сиздердин жылуу сөздөр колдооңуздар, бата бергениңер мен үчүн эң чоң бакыт, рахмат сиздерге!”- деп жазды.



