Коом
ВИДЕО: Дастан Жумабеков Бишкектеги бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн Бишкекте бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу фейсбукка жазды.
https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/posts/10157773195853264
«Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн Бишкекте бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты. Айрым дарыканаларда кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду. Атуулдар дарылардын баасы обу жок көтөрүлдү деп кайрылышууда. Төрага тиешелүү органдардан бул кырдаал боюнча кескин чара көрүүнү талап кылмакчы», — деди Нуракун уулу



