Космосбек Чолпонбаев медициналык каражаттарды чет өлкөгө саткан деп шектелүүдө

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык багыттагы буюмдарды чет өлкөлөргө саткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kgге укук коргоо органдарындагы өз булактарынан маалым болду.
Укук коргоочулардын айтымында, аткаминерлер жеке коргонуу шаймандары менен медициналык беткаптарды өлкөнүн чегинен тышкары сатышкан. Аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул маалыматка комментарий бере элек. Бөлүмдүн айтымында, тергөө жүрүп жатат жана маалымат кийинчерээк берилет.
Эске сала кетсек, Финполиция тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандыктан мурдагы Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. Ал эми бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырганы маалым болду.


