Асан ажы Сыргабаев: Дин аалымы Чубак ажы Жалиловго дарыгерлер болгон аракетин жумшаган

Дин аалымы, мурунку Муфий Чубак ажы Жалиловдун соцтарматка “дарыгерлердин айынан өмүрүн сактап кала алышпады” деген маалымат тарап кеткен. Бул маалымат боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет.
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов ооруп жаткан учурда анын жанында жакын адамдары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгон. Асан ажынын айтуусунда медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууда болгон аракетин жумшаганын, тилекке каршы аалым эки тараптуу пневмонияга кабылып, өз ажылынан акка моюн сунган.
“Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 11:00де Бишкектеги Улуттук Госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнө алып келдик. Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Кошумча дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Ал жерде дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийишттүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычычылык жана доомат болгон жок. Атайын палата дагы даярдалган. Дин аалымы ажалынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”,-деди Асан ажы Сыргабаев.



