Камчыбек Ташиев жаңы курдуруп жаткан мечитин «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атады

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 11-сентябрында, Сузак районунун Барпы жергесинде, Камчыбек Ташиев кезектеги жума намазы окулуучу чоң мечиттин курулушун баштаган. Ошол күнү ак батасын бергени сыймыктуу аалымыбыз Чубак ажы Жалилов да барган.
Эми Камчыбек Ташиев ошол мечитти «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атамай болду. Бул туурасында ал өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирген.

Урматтуу мусулман калкым, Кыргыз элим!
Чубак Ажы аалымдын бул дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу аза кайгыруу көңүл айтамын!
Чубак Ажыке менин укам эле,бирок Атамдай көрчү элем, менден кичине эле, бирок аска зоом эле, жөнөкөй эле адам эле, бирок кол жеткис аалам эле….Эх-х керемет, арман, жалган дүйнө…
Мечит салып жатканбыз, Чубак Ажыке келип биринчи фундаментине үч күрөк бетон таштап берди эле, эми ошол мечитибиздин атын «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атайбыз!
Укам,Чубак Ажыке ,сиз бул дүйнөдөн өттүңүз, бирок эми сиздин легендага айланган өмүрүңүз башталат!
Ушундай уулду тапкан Кыргыз элиме таазим!!!
Котор башты улутташым,кандашым!
Кыргыз атын дүнүйөгө тааныткан Чубак Ажы кетти бизди таштап, мүңкүрөбө Кыргызым мүңкүрөбө, АЛЛАХым бейишин берсин!!!



