Коом
Бир суткада 421 адамдан илдет аныкталды. Пневмониядан 45 киши, тумоодон 2 адам каза тапты
2020-жылдын 14-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы дагы 421 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 176, Чүй областында — 87, Ош шаарында — 58, Ош областында — 6, Жалал-Абад областында — 40, Баткен областында — 21, Ысык-Көл областында — 31, Нарын областында — 1, областында — 1.
Республика боюнча 11 миң 538 киши вирус жуктурду.
Акыркы суткада пневмониядан 45, тумоодон 2 адам каза тапты. Марттан бери пневмониядан каза тапкандардын саны 497 адамды түздү. Тумоодон 149 адам көз жумду.
Бир сутканын ичинде 93 медик илдетти жуктуруп алышты.



