Коом

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеп жаткан 22 жаштагы ыктыярчы студент кыз пневмониядан кайтыш болду

Шаардыктарга медайым катары жардам көрсөтүп жаткан студенттен эки тараптуу пневмония аныкталган

Discovery мейманканасындагы убактылуу күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан ыктыярчы медайым кыз эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Басма сөз кызматынан билдиришти.

«2020-жылдын 13-июлунда болжол менен кечки 19:45те М.А. аттуу кызматкердин абалы кескин начарлап, дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышкан. Кесиптештери ал буга чейин өзүн начар сезип жатканын айтпаганын билдиришти», — деп жазылат маалыматта. 22 жаштагы маркум кыз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 5 -курста билим алып жаткан. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык, студент кыз эки тараптуу пневмониядан көз жумган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button