Коом
Ысык-Көл: Коронавирус 5 район менен 2 шаардан аныкталды

Ысык-Көл облусунда 31 жарандан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.
Облустук штабдын маалыматына ылайык, бейтаптар менен жалпы 127 адам байланышта болгон.
Бүгүн, 14-июлга карата жаңы көрсөткүч:
— Жети-Өгүз районунда 11;
— Тоң районунда 5;
— Түп районунда 3;
— Ак-Суу районунда 2;
— Ысык-Көл районунда 1;
— Балыкчы шаарында 1;
— Каракол шаарында 8 адам катталды.
Ысык-Көл облусундагы жалпы көрсөткүч: 368
— Балыкчы шаарында 76;
— Каракол шаарында 76;
— Жети-Өгүз районунда 61;
— Түп районунда 57;
— Тоң районунда 39;
— Ак-Суу районунда 30;
— Ысык-Көл районунда 29 адам илдетке кабылды.



