Коом

Кыргызстан 13 тез жардам унаасын сатып алды

Саламаттык сактоо министрлиги 13 тез жардам автоунаасын сатып алып медициналык мекемелерге берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары тобокелчилигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында алынган.

«В» класстагы 13 медициналык тез жардам автоунаасы 764 900 долларга сатып алынды. Анын ичинен үчөөндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Медициналык транспорттор жети облуска бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган автоунааларда алгачкы жардамды көрсөтүүгө жана бейтаптарды ташууга тиешелүү медициналык жабдыктар толугу менен камтылганы белгиленет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button