Коом

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен жарыкты кантип үнөмдөрүн айтты

ЖК депутаты Гуля Кожокулова Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды жарыкты үнөмдөөгө чакырганын эскертип, жеке тажрыйбасы менен бөлүшүүнү суранды. 

— Биз эми резиденцияга көчкөн эмеспиз, өзүбүздүн үйдө эле жашап жатабыз. Балам Кытайга барып келгенден кийин ары-бери басып эле лампочканы өчүрө берет. Биз да өчүрүп, жарыкты үнөмдөөгө аракет кылабыз. 

— Кеңседечи? 

— Бюджеттик уюмдар үчүн тарифтер көтөрүлгөн. Ошондуктан ар бир мекеменин жетекчилери кызматкерлерин жарыкты үнөмдөөгө чакырууда.  2024-жылдан баштап лимиттерин азайта баштайбыз. Күн энергиясына өтө баштадык. Аны толугу менен колдонобуз. Долбоорлору бүтүп калды, биринчи Энергетика министрлигинен баштайбыз. Элдин жашоо-турмушу оңолгон сайын ар бир үйдө кондиционер коюлуп калды. Мындан улам электр энергиясына кышында эле эмес, жайында деле күч келүүдө.  Ошондуктан бир курулган үйгө бир эле вентиляция системасы болсун деген талап киргизип жатабыз.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button