Окуялар

(ВИДЕО) ИИМ: Россияда кыргыз кыздарга карата күч колдонууга чакырган факты боюнча текшерүүнү баштады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү интернет булактарындагы жана социалдык тармактардагы жайылып жаткан маалыматтарды көзөмөлдөп келет. Эгерде укукка жат контент табылган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чараларды көрөт.

Жакында социалдык тармактарда Россияда жүргөн Кыргызстандык жаш адамдардын тобу Москвада   чет өлкөлүк жарандар менен жолугуп жүргөн кыздарды жазалоого чакырган видео тараган.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү  Кыргызстандын кыздарына карата күч колдонууга чакырган факты боюнча текшерүүнү баштады.

 Андан сырткары,  жакында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлугү кыргыз диаспорасы менен жолугуп,  мекендештеринин жогорудагыдай кайрылууларын токтотуу үчүн аракеттерди көрүүнү талкуулашат.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат.

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/224427052023541/?t=88

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button