Кыргызстанда ооругандардан айыккандардын саны күн санап өсүп келе жатат

Жыл башында Ухань шаарынан чыккан таажывирус дүйнөнү жарым жылга жетпеген убакытта багындырды. Дегенибиз, аз убакыттын ичинде ылаңга кабылган өлкөлөр биринин-артынан бири оорунун кучагында калып, каршы турууга айла таба алышпай калды.
Ошондой өлкөлөрдүн бири Кыргызстан болчу. Кыргызстан дагы оорунун алдын алуу үчүн, карантин чаралары каралды. Эл дагы ал кезде оору эмне экенин билбегендиктен, бийликти сындап, маска тагынуу, антисептик колдонуу жана башка майда бирок маанилүү нерселерди кылган жок.
Ошол кездеги өкмөт, штабдагылар чынында жакшы эле даярдык көрүп аткандай болду. Бирок, элдин жана өкмөт деле даярдык көрүүсү чала болуптур. Карантинден чыгаарыбыз менен оору басып жыгылды. Биринин артынан бири, өлкөнүн жүзү, сүрү, жүрөгү болгон эр азаматтарыбыз, окумуштуу, мугалим, дарыгерлерибиз, эл үчүн деп атайылап кызыл зонага кирген улан-кыздарыбыз, аалым, даанышмандарыбыз кетип жатышты. Ошондо гана бул оору жөн эле оюунчук эмес экенин түшүндүк. Ошондо анан дары-дармектер жетишпей, маска кийип, антисептик колдонуп калдык. Ушинтип бизде оору менен күрөш уланып келди.
Бирок, эми Кудайга шүгүр, оор пиктен өттүк окшойт. Эми жалаң статистика ылдыйлоо менен бара жатканын көрүп турабыз. Күн санап ооругандардан айыккандар көп саналып, жакшы жаңылык угуп калдык. Президент дагы, волонтерлор менен жолукту. Эки оорукана курууга буйрук берди. Оорукананын иштери ушул жума менен башталаарын Боронов дагы билдирди.
Мына өлбөгөн жанга жаз келет деген ушу. Акырындап, ооруну жеңип бара жатабыз. Волонтерлор менен акчасын бөлүп, жардам кылган жарандарыбызга ыраазычылык. Элдин кабыргасы кайышканда ошолор бел болуп беришти. Мына кыргыз деген ушундай болот! Кыргыз кыйын күндө биригип, кыйын учурда бекем турат. Ушул кыргыздын мүнөзү! Рахмат силерге асылдар!
Алдыда жалаң жакшы күндөр калды. Эми масканы дайыма тагынып, коопсуздук эрежелерди сактап ушул бойдон айыгып кеткенге баарылап аракет жасап, сабыр кылып турушубуз гана керек.
Пандемия дүйнө элине жана анын ичинде Кыргызстанга да чоң сыноо алып келди. Ушундай кырдаалда кыргыз эли бир муштумдай түйүлүп, колунда барын элге жардам берген азаматтарыбыз чыкты.
Ушул күндөр да өтүп атат, эң негизгиси адамзаттын башына келген апаатты жеңип келе жатабыз.
Таабалды Актайлаков



