Бүгүн 662 адам COVID жуктуруп 14 киши көз жумду. Статистика

Өлкө аймагында бүгүн 662 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, вирус илештирип алгандардын арасында 25 медицина кызматкери бар.
Бишкек — 221;
Ош – 52;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу — 81;
Талас облусу – 22;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 82;
Жалал-Абад облусу – 102;
Баткен облусу — 47.
Ушуну менен вирус жуктуруп алып илдетке кабылган кыргызстандыктардын саны 26 805 кишиге жетти.
Ал эми пандемиядан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 378ге жетти. Бугүн Кыргызстанда коронавирустан дагы 14 киши көз жумду
Андан тышкары өлкөдө акыркы суткада коронавирустан 1 052 киши айыгып чыкты.
Өткөн суткада коронавирустан сакайып чыккандардын көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында.
Бишкек — 393;
Ош шаары — 136;
Чүй облусу — 87;
Ош облусу — 84;
Талас облусу — 63;
Нарын облусу — 33;
Ысык-Көл облусу — 75;
Жалал-Абад облусу — 103;
Баткен облусу —78.
Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 25 526га жетти.



