Коронавирус. Чолпон-Атага Бишкектен кошумча күч катары дарыгерлер жөнөтүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен Чолпон-Атага кошумча күч катары медицина кызматкерлерин жана россиялык адистерди жөнөттү. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты.
Иш-чара учурунда вице-премьерге медиктер жетишпей жаткан Чолпон-Атадагы кырдаал тууралуу суроо берилди.
«Чынында шаарда медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Себеби алардын өздөрүнө дагы коронавирус жугуп, каза болуп калган учурлар дагы бар. Саламаттык сактоо министрлиги Чолпон-Атага дарыгерлердин кошумча командасын жиберди. Андан тышкары, россиялык адистердин тобу дагы жөнөп жатат, арасында реаниматологдор дагы бар», — деди Исмаилова.
Ошондой эле ал өкмөт ар бир жарандын кайрылуусуна көңүл бурууга аракет кылып жатканын кошумчалады.



