Коом

Депутат блогерлерге нааразы болуп, аларды ЖМКдан бөлүүнү сунуш кылды

«Блогерлердин баары эмес, айрымдары президентти жамандап, ар кимди кемсинтип жатышат», — деп билдирди депутат Балбак Түлөбаев 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал белгилегендей, бүгүн бир блогер шантаж үчүн кармалган. «Алар мамлекеттик органдарга барып, иштетпей жатышат. Биз бир чечимге келип, блогерлерди ЖМКдан ажыратышыбыз керек. Сөгүнгөнүн айтпай эле коёюн. Биз жөнүндө эмне деген гана сөздөрдү айтпады. Бизди жашоого үйрөтөт. Муну жөнгө салуу керек. Мыйзамсыз блогерлерди журналисттерден ажыратыш керек. Биз жөнүндө кандай сөздөр айтылбасын, чыдайбыз. Маселени чечүүгө убакыт келди”, — дедиТүлөбаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button