Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 420 адам жуктуруп алганы аныкталды. Көз жумгандар бар

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 848 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Аймактар боюнча алганда статистика төмөнкүдөй:
- Бишкек – 305
- Чүй облусу – 65
- Ош облусу – 35
- Талас облусу – 42
- Нарын облусу – 43
- Ысык-Көл облусу – 132
- Жалал-Абад облусу – 155
- Баткен облусу – 41
- Ош шаары – 30
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 27 274кө жетти
Ал эмиКыргызстанда соңку бир күндө 420 адамдын COVID жуктуруп алганы аныкталды.
Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек – 112;
- Ысык-Көл облусу – 98;
- Жалал-Абад облусу – 79;
- Ош облусу – 55;
- Баткен облусу – 21;
- Ош – 19;
- Нарын облусу – 15;
- Чүй облусу – 13;
- Талас облусу – 8.
Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 719 адамга жетти.
Акыркы 24 саат ичинде Кыргызстанда коронавирустан 12 адам каза болду.
COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары – 4;
- Чүй облусу – 2;
- Ош облусу – 1;
- Нарын облусу – 1;
- Жалал-Абад облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 1.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 409га жетти.



