Коронавирус. Оштогу беш стационардын бири жабылууда, бейтаптар азайды

Ош шаарында абал салыштырмалуу турукташканына байланыштуу күнү-түнү иштеп жаткан стационарлардын бири жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, калаа боюнча коронавируска кабылган бейтаптарды тейлеген беш стационар бар болчу. Бейтаптардын саны азайгандыктан Алишер Навои атындагы мектептеги медициналык жай жабылды.
«Учурда Манас-Ата кичи районундагы «Каныкей» ресторанында, Амир-Тимур кичи районундагы жеке клиникада жана Кулатов кичи районундагы «Газпром» спорт мектебинде күнү-түнү иштеген стационарлар ишин улантууда. Ал эми Туран кичи районундагы медресеге ачылган стационар күндүзү гана иштейт», — деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129га жетсе, анын 2 863ү Ош шаарында катталган.



