«Мекен» фильмин көрсөтүүгө эч кандай тыюу салынган эмес. Маданият министрлигинин жообу
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кинематография департаментинин чиновниктери, ызы-чуулуу «Мекен» фильмин көрсөтүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес деп түшүндүрүштү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги 3-августта маалымдады.
Мекеменин маалыматы боюнча бул толук метраждуу көркөм фильм Borbor Asia жеке менчик студиясында режиссер Медербек Жалилов жана продюсер Бектемир Мамаюсупов тарабынан, өз каражаттарына тартылган. Премьерасы 20-мартка «Манас» кинотеатрына пландаштырылган. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу баардык кинотеатрлар ишмердүүлүгүн токтоткон.
Департаментте фильмдерде зомбулук, порнография, террористтик, экстремисттик маңыздагы, ошондой эле улут аралык жаңжал чыгаруучу сценаларды карай турган мекемелер аралык комиссия, атайын «Мекен» фильми үчүн эмес, андан мурда эле — 2016-жылы түзүлгөнүнүн бышыкташты.
Комиссиянын мүчөлөрү финансылык чыгымдарды талап этүүчү эпизоддорду кайра тартуу, толуктап тартуу сыяктуу пикирлерди эч кандай айтышпаганын такташты.
16-июнда редакциялык комиссия филмдин оңдолгон вариантын көргөн. Бирок, продюсер тарабынан көрсөтүлгөн вариантта, режиссердун жоктугуна байланыштуу кемчиликтер боюнча пикирлер эске алынган эмес.
Департаментте, тасманын авторлору коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу актуалдуу теманы көтөрүшкөнү жана жаш кинематографисттер азыркы коомдун жашоо-турмушунун жакшырышына салым кошкулары келген тилектери бар экени түшүнүктү дешет.
«Биздин өлкөдө чыгармачылык эркиндик сакталган жана цензура жок. Бирок, азыркы учурда Borbor Asia студиясы тарабынан «Мекен» фильми боюнча жүрүгүзүлүп жаткан агрессивдүү рекламалык кампания, улуттук кинематографияны өнүктүрүү боюнча биздин жалпы максатыбызга салым кошо албайт», — деп билдиришти чиновниктер.
КРдин территориясында фильмдерди прокат кылуунун тартиби боюнча, анын ээси арыз жазып, менчик, же ага тиешелүү экенин бышыктай турган документтерди көрсөтүүгө тийиш, деп эскертишти мекемеде. Ошондон кийин гана «Кыргызфильмофонд» фильмди сөзсүз көрүп чыгып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралуу күбөлүктү берүү чечимин кабыл алат.
«Мекен» фильминин авторлору, республиканын кинотеатрларында көрсөтүү үчүн, прокаттык күбөлүктү алууга азырынча арыз берише элек деп, такташты.



