Маданият

Уурдалган обон

Канчалаган популярдуу обондор дүйнөгө тарап, анын автору ким экени белгисиз бойдон кала бергенин көрүп, угуп эле жүрөбүз. Көпчүлүк учурда ал обонду аткаргандар кашкайып турушуп, автору менмин деп жалган айтышат. Мындай учурлар башка калктарда эле эмес, кыргыз обончуларынын да башынан өткөн.

Обончу Алик (Алымбек) Коробаев ХХ кылымдын 60-70-жылдары «Тумарым», «Ак чардак», «Алтын шакек» деген ырлары менен кыргыздарга кеңири таанылган. Айрыкча анын «Тумарым» аттуу обону кыргыздарда эле эмес, тили келген советтик калктардын бир кыйласында өтө популярдуу болгон. Бирок, ошол элдердин көпчүлүгү бул кереметтүү обондун автору кыргыз баласы Алик Коробаев экенин кенедей да билишкен эмес. Анткени, «Тумарымды» ырдагандардын көбү үчүн ырдын автору белгисиз болсо, айрым уяты жоктору түздөн-түз эле «менин ырым» деп, ушул обондун эсебинен атагын чыгарып, аброй күтүшкөн.

Ошондой фактылардын бири туурасында учурунда Чыныбек Бапатегин жазып чыккан. Кечээ ошол макаланы Алик Коробаевдин кызы Алтынай Коробаева өзүнүн фейсбук баракчасына жайгаштырган экен.

Алтынай Коробаева

Макаланы айрым кыскартуулар менен бердик.

Кыргыз обондорунун арасында «Тумарым» деген керемет ыр бар. Учурунда «Ай, ай Тумарым, Аясаңчы менин сүйгөн Тумарым» деп, далай жаштар бири-бирине арзуусун арнашканын айтышат, улуу муундагылар. Бүгүнкүгө чейин бул обондун сөзүн өзгөртүп алышып казактар түгүл кытайлар, өзбектер, тажиктер ырдап жүрүшөт. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын акырынан тартып популярдуу болуп, элдик ырга айланган бул ырдын Казакстанда да автору бар экен.
«Тумарымды» туу тутам деп жатып, менчиктеп алган ким?
2007-жылы «Казахстанкая правда» газетасына Виктория Шевченко деген түпкүлүгү Кыргызстандык журналист бала күнүнөн сөзүн түшүнбөсө да, кыңылдап обонун ырдап жүргөн «Тумарым» деген ырдын авторун таап алгандыгы жөнүндө макаласын жарыялаган. Көрсө бул ажайып обондун автору казактын белгилүү обончу-аткаруучусу Рамазан Елибаев экен. Анда Р.Элибаев «Тумарым» өз чыгармасы экендиги, ырдын кандай жаралганы тууралуу маек куруптур. «Тилекке каршы публика тез эле өз кумирин алмаштырат экен. Он жыл мен чоң сахнада ырдабай калдым, мени унутуп деле калышты. «Тумарымды» эстеткенде «Ой-бай! Чын эле… Чын эле…» деп толкунданып кетишет. Бул ыр тумар жөнүндө. Чындыгында эле «Тумарым» чыныгы тумар катары менин ушул кезге чейинки колдоочум. Ырды жаратуу тарыхы өзүнчө бир кызык. Гастролдон келе жаткам. Купедеги столдун үстүнө кимдир бирөөлөр кыргыз ырларынын китепчесин унутуп калышыптыр. Анын ичинде тумар жөнүндө саптар бар экен. Бул ыр мага кандайдыр бир таасир калтырып, ошол эле замат обону пайда болду. Коллективим менен ырды радиого жаздырдык, андан бир ай өтпөй эле ал бардык жерде жаңыра баштады». Мына окурман, жаштар эле эмес пайгамбар жашына барган, Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмердин айтып турганы. Рамазан мырзанын таланты бар экендигине эч кимдин күмөнү жок. Өзү айткандай «Тумарымдын» колдоосу менен далай мыкты чыгармаларды элине тартуулаган. Кызыгы обондун автору болгон соң, жок дегенде кыргыз акындарын сыйлап ошол «саптардын» авторун белгилеп койсо жарашмак.

Алик Коробаев, Абдыжапар Эгембердиев.


«Тумарымдын» чыныгы авторлору кимдер?
Ар ким менчиктеп алып, ырдар жүргөн «Тумарым» ыры 1968-жылдан баштап белгилүү болгон. Кызыгы ырдын авторлору ошол учурда 16-17 жаштагы уландар экен. Боз улан кезде жаракан чыгармасы тууралуу композитор-обончу Алымбек Коробаев буларга токтолду: «Мен ал учурда Караколдогу педагогикалык окуу жайында окуп жүргөм. Жакын курбум Жапар (Абдыжапар Эгембердиев – Ч.А.) бир күнү келиптир, «Мен бир кызды жактырып калдым. Ыр жаздым эле. Обон чыгарып бербейсиңби?» деп. Тексттин алып карасам, аталышы «Тумаркан» экен. Текстти кайрадан оңдоп чыгып «Тумарым» деген ат бердим. Оңдолгондо Жапардын алып келген ырынан бир гана куплет калган. Ал үчүнчү куплети. Ичи тардык кылбайм. Биргелешип жараткан эмгек экөөбүзгө бирдей орток. Обон жараттым. Ал Жапарга да жакты. Ошентип алгач ирет бул ырды Жапар досумдун сүйгөнү окуган мектептеги жолугушууда биринчи ырдагам. Кийинчерээк бизде гана эмес жалпы союзда популярдуу болуп кетти».
Кыргыз искусствосунун залкарлары Рысбай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев жана Калыйбек Тагаев менен бир учурда эл алдына чыгып, «Тумарым» эле эмес ондогон мыкты ырларды элине тартуулаган Алымбек (Алик) Коробаев 2018-жылы, 26-ноябрда 69 жашында каза болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button