Пневмониядан кийин өпкөдөгү тактар качан кетет. Адистин кеңеши

Пневмониядан соң өпкөдөгү тактар, өзгөрүүлөр алты айга чейин кетпеши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, пневмония менен ооругандардын көпчүлүгү компьютердик томографиянын жыйынтыгынан өпкөсүндөгү тактардын кетпегенин көрүп, фиброз болуп калдык деп тынчсызданышууда.
“Ооруп бүткөндөн кийин бир-эки ай өткөн соң, көптөрү компьютердик томографияга түшүп жатышат. Өзгөчө пневмония болгон адамдар КТдан өпкөнүн өзгөрүүлөрү кете элек деген жыйынтыкты көрүп, “фиброз болуп калыптырбыз” деп тынчсызданат. Адам өзү клиникалык жактан жакшы болгону менен өпкөдөгү тактар алты айга чейин болушу мүмкүн. Бул фиброз дегенди билдирбейт. Өпкөнүн этиндеги, кан тамырларындагы өзгөрүүлөр дароо өзгөрүп, калыбына келип калбайт. Ошол себептен ага сарсанаа болуп кереги жок. Эгер катуу тынчсыздануу болсо пульмонологдорго кайрылып кеңеш алуу абзел”, — деди Талант Сооронбаев.
Ал белгилегендей, сакайып үйүнө чыккандар ушундай белгилер байкалып калса эле ар кимден ар кандай кеңештерди угуп, өз алдынча дарыланып жатышат.
Пневмониядан сакайып чыккандар бир гана пульмонологдорго кайрылуусу керек.



