
Депутаттын айтымында, туусунун түсүн көк кылып ага ак илбирсти тартышса, желбирегенде ал баскандай болуп олутуу көрүнмөк.
“Мени айтты дейсиңер, келечекте желектин өңү да өзгөрүшү мүмкүн. Бензин да, жол чырак да кызыл күйөт. Кызыл — кандын түсү. Бул өң көптөргө жага бербейт”, — деди Коргонбай уулу.
Ал азыр бир аз өзгөртүп койсо эч нерсе болуп кетпейт деп эсептейт.
Туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков кызыл бийликти, кубаттуулукту, жеңишти, салатанатты кубаттаган түс экенин айтты. Мындай өңдөгү желекти колдонгон көп өлкөлөр өнүгүп жатканын белгилеп, Кытайды мисал келтирди.



