Коом

Бүгүн өлкө боюнча 304 адам коронавирус жуктуруп, 6 бейтап каза болду. Статистика

Бүгүн Кыргызстанда дагы 304 адамдан коронавирус чыкканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

▪️Бишкек — 88
▪️Ош – 21
▪️Чүй облусу – 27
▪️Ош облусу — 42
▪️Талас облусу – 7
▪️Нарын облусу – 11
▪️Ысык-Көл облусу – 37
▪️Жалал-Абад облусу – 28
▪️Баткен облусу — 43

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын саны 40 759 болду.

Өткөн суткада өлкө боюнча 263 адам коронавирустан айыкты. Жалпылап алганда, Кыргызстанда 33 027 адам коронавирусту жеңди.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан 6 бейтап каза болду. Мартта пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1 484 кө жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button