СаясатСпорт

Айсулуу Тыныбекова күзүндө өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу оюн билдирди

Спортчу Айсулуу Тыныбекова саясатка качан барары тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал спорттук карьерасы бүтмөюнчө, саясатка аттанбасын айтат.

«Урматтуу менин күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм!

https://www.instagram.com/p/CDv6B7wJhQ7/


Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди.
Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү»,-дейт Тыныбекова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button