ВИДЕО. Александр Лукашенко Кыргызстандан качып, атын өзгөртүп жүргөн Данияр Үсөновдун уятын чыгарды

10-августта Беларустун президенти Александр Лукашенко ал өлкөдө Даниил Урицкий деген “белгилүү” адамга “Данияр” деп кайрылып алды. Ал Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясына барган учурда, анын ээси Даниил Урицкий менен сүйлөшүп жатып айткан. Ошондой эле, Беларусь президенти белорустарды мактап жатып, аларды кыргыздарга да салыштырып жиберген.
“Бул жерде, Данияр, бир гана эл болушу керек. Сен чынчыл адам экениңди көрүп турам. Белорустарды таарынтпайсың, себеби, алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош”, – деген ал.
Эске салсак, экс-премьер Данияр Үсөнов Апрель окуяларына күнөөлүү деп табылып, сыртынан соттолгон. Анын Беларуста Даниил Урицкий деген ат менен атын өзгөртүп жашап, бизнес менен алектенип жүргөнү белгилүү.
Кечээ, 11-августта болсо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Беларустун Бишкектеги элчилигинин өкүлүн чакырып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана соттолгон мурунку премьер-министр Данияр Үсөновдун ачык эле жүргөнүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылган. Мындай аракеттер Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамилеге доо кетире тургандыгы түшүндүрүлгөн.
ТИМ Беларусь тарапка тиешелүү нота тапшырып, жогорудагы адамды жана Беларуста жүргөн башка адамдарды да эртерээк кармап, экстрадиция кылууга чакырган.



