Белоруссиянын ишканаларында митингдердин толкуну башталды

Өлкөдө өтүп жаткан акыркы окуялардан улам Белоруссиянын ишканаларында, мекемелеринде стихиялуу митингдер башталды. Адамдар демонстранттарга зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгына, мыйзамсыз камоолорго жана шайлоонун тыянагын фальсификация кылгандыгына каршы чыгышууда, деп билдирди 13 –августта INTERFAX.RU.
«Интерфакстын», башка дагы ММКлардын, телеграм-каналдардын корреспонденттеринин жана өздөрү күбө болгондордун маалыматтары боюнча, Минскиде «Белмедпрепараты», «Керамин» жана башка бир кыйла курулуш компанияларынын кызматкерлери митинг өткөрүп жатышат.
«Кераминде» протест кылышып 400дөй киши чыгышты, болгондо да цехтердин начальниктери, маркетинг бөлүмүнүн башчылары кошулуп, деп билдирди «Радио Свободанын» белорусь бюросу.
Бийликтин зомбулугуна каршы 1- жана 6- шаардык клиникалык ооруканалардын, № 1-стоматологиялык поликлиникасынын медиктери дачыгышты. Эми тез жардамдын кызматкерлери да каршы чыгууну пландашууда.
Өлкөдөгү МАПИД ири курулуш ишканасынын жумушчулары көчөгө чыгышты, заводдун алдына, деп билдирди телеграм-канал Nexta.
Саат 11лер чамасында «Белтелерадиокомпаниянын» имаратынын жанында ак кийимчен аялдар чыгышты, гүл жана плакат көтөрүшүп, жолдун аркы бетиндеги курулушчулар аларды дароо колдошту.
Минскдеги Белорусь мамлекеттик филармониясынын жумушчулары протест кылышып Белоруссиянын расмий эмес гимни катары эсептелген «Магутны Божа» ырын ырдап чыгышты. Улуттук көркөм музейдин алдында да каршылык акциясы өтүп жатат.
Эсиңерге сала кетсек, 9- августта Белоруссияда президенттик шайлоо өтүп, анда 26 жылдан бери тынымсыз президент болуп келе жаткан Александр Лукашенко дээрлик 80% менен утуп чыкты деп, Боршайком жар салган. Ошондон бери өлкөдө нааразычылык акциялары тынымсыз өтүп, күч органдарды демонстранттарды тепкилеп сабашып, 6000 кишини камакка алышкан. Ал түгүл ОМОН элди кадимки ок менен аткан. Лукашенконун залим бийлигине каршы, эми бюджеттик тармактын кызматкерлери түп көтөрө чыга башташты.



