Коом

Ысык-Көлдө улгайган жарандар үчүн санаторий салууга жер бөлүнөт

Ысык-Көлдүн Корумду айылында улгайган адамдар үчүн санаторий курууга 20 гектар жер бөлүнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Президент Корумду айылынан 20 гектар жер бөлүп бергиле, курулушту эмдиги жылы баштагыла деген тапшырма берди», — деген ал.

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Ысык-Көлдө пенсионерлер үчүн эс алуу жана көңүл ачуу борбору ачыларын билдирген. Ал жакта пенсионерлер бийлеп, йога жасап, шахмат ойной алышат. Ошондой эле эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрү үчүн шарт түзүлөт.

Мындай эс алуу жайлары Бишкек менен Ошто да курулары айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button