Францияда мектеп окуучуларынын массалык нааразылык акциялары өтүүдө

Францияда мектеп окуучуларынын массалык нааразылык акциялары бир жумадан ашык убакыттан бери уланып жатат. Алгач демонстрациялар борбордук Иль-де-Франс аймагында башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Лицейлерде окуган окуучулар класстардын толуп кетишине, мугалимдердин жетишсиздигине, окуу жайлардын имараттарынын начар абалына жана өтө эле жүктөлгөн деп эсептеген сабактардын тартибине нааразы болушууда.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 29-сентябрда өлкө боюнча 400дөн ашуун адам кармалган, алардын көбү жашы жете электер. Билим берүү министрлиги нааразылык акциялары өлкөдөгү болжол менен 3700 мектептин бир нече жүзүнө таасир эткенин билдирди.
Айрым ири шаарларда акциялар полиция менен окуучулардын кагылышуусуна чейин жеткен. Айрым учурларда демонстранттар күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөлөрдү жана таштарды полиция кызматкерлерине ыргытышкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.



