Дүйнө

Россияда коронавирус жаңы башталганда эле аныктоочу тестирлөөнү башташты

Роспотребнадзордун молекулярдык диагностика Борбору (CMD) дүйшөмбүдөн баштап CОVID-19ду үйдөн чыкпай туруп эртелеп эле биле турган контакты жок тестирлөө баштады. Бул тууралуу 6-апрелде  РИА Новости маалымдады.

Илдетке анализди ким кааласа врачтын көрсөтмөсүз эле тапшыра алат, дейт Роспотребнадзордун сайтында.

«Анализ өткөрүү үчүн молекулярдык диагностика Борборунун адистери  Эпидемиология илим изилдөө  институту Борборунун окумуштуулары иштеп чыгышкан сезгичтүүлүгү өтө жогору болгон тест-системаны пайдаланышат», —дешти мекемеде.

Роспотребнадзордун адиси заказчикке келип, өз алдынча мазок алганды жана материалды изилдөөгө алганга инструкция берет.

Тест-система коронавирусту башталып атканда  — эрте билет, андан тышкаары  симптомдору билинбегендерди да табат.

Мекемеден кабарлашкандай, Москва менен  Подмосковьенин тургундарына азырынча кызмат  көрсөтүү акы төлөө аркылуу ишке ашат. Андан ары Россиянын баардык аймактарында  тестирлөө жүргүзүү пландаштырулууда.

COVID-19 Россияда:

-жугузганы — 5 389;

-каза тапканы – 45;

-айыкканы -355.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button