Саясат

Курманбек Бакиев Лукашенкону оор абалда калтырбайм, аягына чейин жанында болом деди

Кыргызстандын качкын президенти Беларуссиядан чыгып кеткени тууралуу маалыматты четке кагууда

Кыргызстандын качкын президенти акыркы окуялардан кийин Беларуссиядан чыгып кетти деген маалыматты четке какты. Мурунку мамлекет башчы Nazarnews.kg порталына комментарий берген.

«Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин Беларуссиядан чыгып кетти деген сөздөрү чындыкка коошпойт. Кыйын кырдаалда Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко мага качкын макамын берди жана менин жашоомду жакшыртты. Мен эч качан Лукашенкону оор абалда калтырбайм. Акырына чейин мен аны менен болом. Мен буга чейин эч кимге чыккынчылык кылган эмесмин жана эч кимге чыккынчылык кылбайм. Азыр мен Минскидемин. Дагы бир жолу кайталайм, мен акырына чейин ушул адам менен болом «, — деди портал Курманбек Бакиевдин сөзүн.

Эскерте кетсек, 9-августта Александр Лукашенко 80,1% добуш менен кайрадан президенттикке шайланган. Ошол эле күнү борбор шаарда жана Беларуссиянын башка шаарларында массалык нааразычылык акциялары башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button