Белоруссия оппозициясынын кеңеши Россия менен мамилелешүүгө даяр экенин билдирди

Белоруссия оппозициясынын координациялык кеңеши Россия менен контактка даяр, деп билдирди, анын президимунун мүчөсү, экс-маданият министри Павел Латушко. Бул тууралуу 20-августта «РИА Новости» маалымдады.
«Абсолюттуу түрдө. Биз өзүбүздүн позициябызды айтууга даярбыз, кандай формада болбосун», — деди Латушко, оппозиция Москва менен контактка даярбы деген суроого.
Координациялык кеңеш түзүүнү президенттикке кандидат Светлана Тихановская сунуштаган. Ал «бийликти тынч жол менен, диалог аркылуу өткөрүп алуу процессин жетектээрин» жана токтоосуз түрдө, эларалык байкоочулардын катышуусунда «акыйкат жана демократиялык» президенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялаарын билдирген.
Белоруссияны президенти Александр Лукашенко Белоруссиядагы бийликти өткөрүп алуу үчүн түзүлгөн кеңеш – өлкөдө бийликти басып алууга кылынган аракет деп билдирди. Анын сөзү боюнча оппозициялык штабдын программасында 2030-жылга чейинки аралыкта Белоруссияны Россия менен түзүлгөн Союздук мамлекеттен чыгаруу каралган дейт.
18-августта Белоруссия оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникова, Лукашенконун каршылаштары республиканы Россия менен болгон союздук структуралардан чыгаруу тууралуу эч кандай талкуулашкан эмес деп айтты. Ал мындай маалымат Лукашенконун «манипуляциясы жан алдоосу» деп түшүндүрдү.
Белоруссия оппозициясынын координациялык кеңеши 19-августта президиум шайлады. Ага, жазуучу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич, юристтер Лилия Власова жана Максим Знак, Минск трактор заводунун стачка комитетинин өкүлү Сергей Дылевский, Светлана Тихановскаянын ишенимдүү кишиси Ольга Ковалькова, Тихановскаянын жакын санаалашы Мария Колесникова, ошондой эле республиканын экс-маданият министри, Белорусь мамлекеттик Янка Купала атындагы театрдын башкы директору Павел Латушко шайланышкан.



