Коом
31- август — Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү кандай майрамдалат

2020-жылдын 31-августунда «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин катышуусунда иш-чара өткөрүлөт.
Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн-форматта саат 10дон 11ге чейин өткөрүлөт. Иш-чара республикалык каналдардан чагылдырылат.
Массалык жана майрамдык иш-чаралар пландалган эмес жана өткөрүлбөйт.
Саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат.



