Коом

Өкмөт ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Тизме

Ишкердик субъекттердин жеңилдетилген насыяга алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасына өзгөртүүлөр киргизилди.

Программага жеңилдетилген насыя берүү үчүн бир катар кошумча багыттар камтылды, анын натыйжасында ишкердик субъектилерине жеңилдетилген насыялык каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик каржылык колдоо төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

— туризм;

— жеңил өнөр жай;

— фармацевтика тармагы жана медицина чөйрөсү;

— жүк ташуу;

— билим берүү чөйрөсү;

— тейлөө;

— соода;

— айыл чарба;

— агроөнөр жай менен катар эле өндүрүш, кайра иштетүү ишканаларына дем берүү;

Ошондой эле насыяларды кайра каржылоо жагы каралган компоненттердеги тармактар боюнча чектөөлөр алынып салынды.

Чакан ишкердикти колдоо максатында күрөөсүз насыяларды каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу дагы жүргүзүлөт.

 Насыянын негизги шарттары:

Насыянын түрлөрүПайыздык ченМөөнөтүСуммаЖеңилдетилген мезгил (негизги)Жеңилдетилген мезгил (пайыз)Кайра каржылоо
Негизги каражаттар үчүн6% 5 жылга чейин30 млн сомго чейин18 айга чейин 50% чейин
Жүгүртүү каражаттары үчүн10% 3 жылга чейин20 млн сомго чейин12 айга чейин 50% чейин  
Санариптештирүү компоненти боюнча (ККм онлайн, ЭСФ)4%3 жылга чейин10 млн сомго чейин12 айга чейиндо 12 мес.50% чейин
Кайра каржылоо11%3 жылга чейин20 млн сомго чейин12 айга чейин 100%
Күрөөсүз насыя14%12 айга чейин150,0 миң сомго чейин3 айга чейин  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button