Саясат
Садыр Жапаров: «Биздин темир жол экономикалык кризистерге жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат

«Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат. Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, «Кыргыз темир жолунун» 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада белгиледи.



