Мектептеги тамак-аш үйдө. Туура тамактанууга багытталган маалымат кампаниясы башталды

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча маалымат кампаниясын баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, маалыматтык кампаниянын максаты – мектеп окуучулары, ата-энелер арасында туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтуу.
Биринчи чейректе мектептер өз эшигин 1-класстын окуучулары үчүн гана ачты. Калгандары аралыктан билим алышат. Буга байланыштуу БУУ ДАТП, Билим берүү жана илим министрлиги жана Өнөр жай тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын иштеп чыгышты.
Маалымат кампаниянын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню. Мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын социалдык тармактагы баракчаларында (Инстаграм, Фейсбук жана YouTube) балдардын туура тамактануусу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган материалдар жарыяланып турат.



