Окуялар

ИИМ. Баңгизаттарды ташуу менен алектенгендер кармалышты (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Тажикистандан Кыргызстанга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен ташыган улуттар аралык уюшкан топту аныктоо жана аны жоюу боюнча атайын операциясы  жүргүзүлгөн.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам кызматкерлер Баткен облусунун “Арка” айылынын чек арага чектеш аймагында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда Тажикистан Республикасынын 1982-жылы туулган жараны Ю.Х.  кармалган. Анын автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда уксус ангидридик кескин жыты бар таңгакталган каражаттар табылып алынган.

 Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, жогорудагы табылып алынган каражат героин баңгизаты экендиги аныкталды. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүрткөн 2 килограмм 600 грамм салмактагы герион алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button