Окуялар

ВИДЕО. Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү

Социалдык тармактарда Нарын облусунун Кара-Кече көмүр кенинде тоонун суудай агып жаткан видеосу тарады.

Маалым болгондой, жер көчкү Кара-Кече тоосунун бөлүктөрүнүн биринде, Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында түшкөн. Ал Кара-Кече суусунун нугун бөгөп, электр зымдарын кыйратып, аталган тилкедеги жолду жаап салган.

Кара-Кече жолундагы жер көчкүнүн видеосу

Транспорт жана жол министрлиги таш түшүп, жабылган Дыйкан — Кара-Кече автоунаа жолунун 37-чакырымын тазалап жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 14-сентябрда саат 12:00 чамасында кулаган көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, жолду жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы көлөмү 900 миң метр кубга чамалуу кыртыш активдешип, жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөнүн кабарлады.

Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кооптуу абалга байланыштуу Дыйкан — Кара-Кече каттамы убактылуу жабылды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кечедеги кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button