Окуялар
16000 сомдук алтын сөйкө уурдаган аял кармалды (ФОТО)

Караколдо алтын сөйкө уурдаган аял кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облусунун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
⠀
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине дүкөндүн сатуучусу кайрылып, 14-сентябрь күнү анын дүкөнүнөн 17:00 чамаларында 16 миң 800 сомго бааланган алтын сөйкө жоголгонун билдирген.
⠀
26 жаштагы шектүүнү милиция кызматкерлери колго түшүрүп, сөйкө табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
⠀



