Коом

Коронавирус. Айыккандар жана жуктургандар. Статистика

Бир сутканын ичинде коронавирус илдетинен 104 адам айыгып, 81 кыргызстандык вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек шаары – 68;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 24.

Ушуну менен өлкөдө 41 682 бейтап коронавирусту жеңип чыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 25.

Пандемия башталгандан бери коронавирус илештирип алган кыргызстандыктардын саны 45 471ге жетти.

Аны менен катар кечээтен бери өлкө боюнча үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Ал эми 6 медик айыгып ооруканадан чыгарылды, үй карантининдеги 15 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда ак халатчандардын арасында 3 202 учур катталып, алардын ичинен 2 822си ооруну жеңе алган.

Өткөн суткада оорудан көз жумгандар болгон жок. Өлкөдө буга чейин COVID-19 илдетинен ажал тапкандардын саны 1 063тү түзөт.

Учурда 554 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатса, 1725 киши үй шартында дарыланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button