Коом

Орус-казак чек арасында 3 миңден ашуун кыргызстандык өтө албай турат

Орусия менен Казакстандын чек арасында 3200дөн ашуун Кыргызстандын жараны өтө албай турат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада алар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалып жатканын, консул чек арада топтолгондор менен жолугушуп жүргөнүн 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын Оренбург облусунун жана Башкортостан республикасынын бийлиги менен жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Орусия тарап кыргызстандыктарды жатаканаларга, балдар лагерлеринин айланасына чатыр тигип жайгаштырган. Акысыз тамак-аш берилип, элди автобустар менен чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланды.

Элчилик Казакстандын чек аралары жабык экенин, чет элдиктердин бул өлкөнүн аймагына киришине чектөөлөр күчүндө экенин эске салды.

Орусиядагы кыргызстандыктарды орус-казак чек арасы тарапка сапарга чыкпоону, зарыл болгон учурда аба каттамдары менен барууну сунуш кылды.

Казак тарапка өз аймагы аркылуу кыргызстандыктардын автобустар менен өтүп кетишине уруксат берүү тууралуу кат жолдонгон. Азыр жооп келе элек.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан жалпы 40 968 жаран мекенине кайткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button