Коом

ВИДЕО: ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Бүгүн, 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери мамлекеттик тил күнүн белгилешти.

Белгилеп кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Дал ошол мыйзам кабыл алынган 23-сентябрь күнүн мамлекеттик тил майрамы катары жыл сайын белгилеп келе жатабыз.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, кыргыз тилин сүйүүгө жана кастарлоого чакырат.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button