Ош шаарында болочок милициянын кайгуул кызматынына талапкер болуп окуп жаткан угуучулар мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара өткөрүштү

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү ички иштер органдарында да кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

Бардыгыбыз билгендей, мамлекеттик тил бул-мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү түрдө колдонулуучу тил болуп эсептелет.

2020-жылдын 23-сентябрь күнү Ош шаарындагы КР ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиялында жаңы түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө талапкер болуп сынактын биринчи турунан ийгиликтүү өтүп, азыркы учурда билим деңгээлин жогорулатып жатышкан угуучулары Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүштү.

Окуу борборунун жетекчилиги жана окуутучук курамдын катышуучуларын кыргыз тил майрамы менен куттуктап, элди эл кылып турган анын тили, ар бир улуттун тили анын автопортрети, мамлекеттик тил – бул мамлекеттүүлүктүн ыйык символу экендигин белгиледи. Ошондой эле талапкер угуучулар иш чарага кыргыз тил күнүнө арналган дубал газеталарды даярдашкан.

Иш чаранын андан аркы бөлүгүндө милициянын кайгуул кызматына талапкер угуучулардын аткаруусунда кыргыз тил тууралу ырсаптары, элдик ырлар, бийлер менен коштолду, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып

Окуу борборунун угуучулары аткарган бардык чыгармалар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы маанай тартуулады.




