Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөгө расмий сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин урматына кабыл алуу аземин уюштурду.
Салтанаттагы сөзүндө Ким Чен Ын Пхеньян менен Бээжиндин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирип, социалисттик мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө ниетин ырастады.
Ал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө социализмди куруу жолунда биргелешип аракеттенип, элдеринин жаркын келечегин камсыз кылуу боюнча орток көз караштарын дагы бир жолу тастыкташканын белгиледи.
Өз кезегинде Си Цзиньпин Түндүк Корея тарапка жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин айтты.
Буга чейин тараптар кытай-корей мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы этабын баштоо тууралуу макулдашкан. Ошондой эле Кытай менен КЭДРдин ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишиминин 65 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн жетекчиликтеринин байланышын күчөтүү жана саясий, экономикалык, маданий тармактардагы кызматташууну кеңейтүү чечими кабыл алынган.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык маселелер, мамлекеттик суверенитетти жана коопсуздукту коргоо, ошондой эле дүйнөдөгү татаал саясий кырдаалда аймактык жана глобалдык тынчтыкты камсыз кылуу боюнча пикир алышты.



