Спорт

Жоламан Шаршенбеков Монголияда өткөн турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингине кайрадан кирди.

Эки жолку дүйнө чемпиону жаракатынан улам 10 айлык тыныгуудан кийин Кыргызстандын курама командасына кайтып келип, Монголияда өткөн рейтингдик турнирде жеңишке жетишти.

Ал 5-июнда 63 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан.Турнирдеги жеңишинин аркасында Жоламан Шаршенбеков 8 миң рейтингдик упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 59 спортчунун ичинен 31-орунга көтөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button