Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 1352 адамдан табылып, дагы 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 352 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 803,
Ош шаарында – 42,
Чүй облусунда – 189 ,
Ош облусунда – 67,
Талас облусунда – 29,
Нарын облусунда – 24,
Ысык-Көл облусунда – 37,
Жалал-Абад облусунда – 80,
Баткен облусунда – 81 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 665 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 293, Ош шаарында – 80, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 70, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 9 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 864 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 318 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 514 бейтаптын абалы орто оордукта, 1 миң 97 адамдын абалы оор жана 174 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 543 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 943 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 129 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 111 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 27 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button