Окуялар
Түндө Бишкектеги жол кырсыгынан 20 жаштагы кыз каза болду

Чүй районунда 11-октябрь күнү саат 22:52чамасында Чүй айылынын С.Ибраимов көчөсүндө “Volkswagen Passat” жана “Chevrolet” унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1 кыз (2000-жылы туулган) жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Жерине 3 КР ӨКМнин №21 ӨКБ куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



